Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Коронавирус: Бишкек мэриясы аралыктан иштөөнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Коронавирус курчуп кеткендиктен Бишкек мэриясы мекеме-уюмдарга кайрылып, кызматкерлердин жарымын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 19-июнда расмий кабарланды. Мэрия тобокел тобуна киргендерди - улгайган кишилер, иммунитети төмөн жарандарды үйдөн иштөөгө чакырды.

19-июнда Кыргызстанда 870 кишиден коронавирус аныкталды, анын 470и Бишкекте.

Июндун экинчи аптасынан тартып илдет жуккандар күнүгө 500-700 кем эмес болууда. Соңку 20 күндө эле жүздөн ашуун бейтап көз жумду.

Көз карандысыз эксперттер тобу Кыргызстанда июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши ыктымалдыгын эскертти.

Оорунун жайылышына карата баш калаада жана аймактарда коомдук жайларга жарым-жартылай чектөөлөр коюлуп, өкмөт элди этият болууга чакырууда. Жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган. 19-июнга карата 92 миңден ашуун адам эмделди.(SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG