Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Жогорку сот Зилалиевдин ишин кайра кароого жөнөттү


Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

23-июнда Жогорку сот камактагы мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберди.

Жогорку сот Зилалиевдин жазык ишин жокко чыгарууга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген.

2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кескен.

Буга Башкы прокуратуранын Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен кылмыш ишин козгогону себеп болгон.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтып келет. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG