Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 180 миллионго жакындап калды


Дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 178 миллион 500 миңден ашты. Оору 4 миллионго жакын адамдын өмүрүн алып кетти. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 23-июндагы эсеби.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы 24-июнда коронавирус жуккандардын саны 179 миллион 500 миңден ашканын көрсөттү. Ооруга каршы вакцина алгандардын саны 2 миллиард 731 миңден көбүрөөк.

2019-жылдын этегинде Кытайдын Ухань калаасында аныкталып, дүйнөгө жайылган коронавирус дээрлик бардык өлкөлөргө тарады.

Кыргызстанда алгачкы учур 2020-жылдын мартында аныкталган. Андан бери ооруга чалдыккандардын расмий саны 118 миңден ашып, 2 миндей бейтап көз жумду. Вакцина алгандардын саны 92 минден көбүрөөк. Кыргызстандыктарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайылууда. Учурда өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө 600-1000 адамга оору жугууда.

Дүйнөдө коронавируска каршы АКШнын, Кытайдын, Европанын жана Орусиянын вакциналары колдонулуп жатат. Анын ичинде орус препараты - "Sputnik V" вакцинасына Батыш мамлекеттери ишеним артпай турушат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG