Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Жорж Флойддун өлүмүнө айыпталган Дерек Шовинге сот өкүмү чыкты


АКШнын Миннеаполис шаарында полициянын мурдагы кызматкери Дерек Шовин афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө айыпталып, 22,5 жылга камалды. Прокурорлор ага 30 жылдык камак жазасын сураган болчу.

2020-жылдын 25-майда 46 жаштагы ынды кара Флойд Миннеаполисте полиция кызматкеринин колунан жан берген. Дерек Шовин аттуу тартип коргоочу анын моюнун тогуз мүнөттөн ашуун жерге ныгыра басып турган.

Флойддун өлүмү расизмге жана полициянын зордук-зомбулугуна каршы толкундоолордун башталышына түрткү болгон.

Шовинден тышкары, дагы үч полиция кызматкеринин үстүнөн да бул кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG