Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Чүйдө суу чарба башчыларын ротация кылуу тапшырылды


Аламүдүн районундагы каналдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт
Аламүдүн районундагы каналдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облусунда айрым суу постторунда сууга коюлган лимит ашып кеткени боюнча көптөгөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада, суу постторунда суунун бекитилген көлөмүн калыбына келтирүү боюнча чаралар кабыл алынып Чүй облусунун Панфилов районуна чейин суунун тийиштүү көлөмүн жеткирүүгө мүмкүн болду.

Бул фактылар боюнча, коррупциялык тобокелдиктердин жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу боюнча чараларды кабыл алуу маселеси көтөрүлдү.

Жыйынтыгында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине Чүй облусунун мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын жетекчисин кызматынан бошотууга чейинки жоопкерчилигин кароо жана Чүй облусунун бардык райондук суу чарба башкармалыктарынын башчыларын ротация кылуу тапшырылды.

Чүйдө сугат суу жетишпей, дыйкандар эмгеги текке кеткенин айтып жатышат. Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG