Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Парламент депутаттарга 200-300 миңден өргүү акысы берилгенин төгүндөдү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова айрым басылмалардагы “депутаттар эмгек өргүүгө чыгып, 200-300 миң сомдон маяна алып кетишти” деген маалыматты төгүндөп, билдирүү таратты.

Куралбекова парламент сессиясын жыйынтыктаганы менен эч бир депутат эмгек өргүүгө чыкпаганын, демек аларга эч кандай төлөм да берилбей турганын кабарлады.

Мунун алдында экс-депутат Исхак Масалиев “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырып, “Жогорку Кеңеш шайлоо боюнча мыйзамды кабыл алуунун ордуна эс алууга чыгып кеткенин” сынга алган.

“Эми, чарчашып каникулга чыгып кетишти. Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200 000 сомдон 300 000 сомдон акча берилет. "Отпускной" дейт аны”,-деп жазган ал.

Муну бир катар медиалар өз платформаларына жайгаштырды.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы 30-июнда ишин аяктады. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламент июль айында бир нече кезексиз жыйынга чогуларын 30-июнь күнкү отурумда билдирген. Алар анда аягына чыкпай калган мыйзам долбоорлорун карап, кабыл алышат. Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө кайрадан ишин баштайт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG