Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Түркияда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 30-июнда Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа "Твиттерден" маалымат таратты.

"Буга чейин эки доза вакцина сайдырган, 50 жаштан жогорку жарандар жана медициналык кызматкерлер каалаган вакцинанын үчүнчү дозасын алуу үчүн эртеңден баштап кезекке тура алышат".

Ал ошондой эле, жарандар мурун сайдырган эки доза вакцинадан айырмаланып, үчүнчү дозаны каалаган фирманын вакцинасын сайдыра аларын кошумчалаган.

Учурда Түркияда Кытайдын Sinovac жана Германиянын Pfizer/Biontech вакциналары сайылууда.

Президент Режеп Тайип Эрдоган 1-июлда жыл башынан бери 50 миллион доза вакцина сайылганын кабарлады. Ал ошондой эле, өзү июнь айынын башында коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алганын айткан.

Вакцинаны түркиялыктар гана эмес өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат. Статистика боюнча Түркияда вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү.

Анткен менен министр Кожа, коронавирустун "дельта" варианты Түркияда да катталганын, мындан улам жарандарга эмдөө кампаниясына ыкчам катышуу зарыл экенин эскертти.

Ал арада өлкөдө 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынды. Бирок коомдук жайларда жана коомдук транспортто беткап эрежеси тыкыр сакталары эскертилди.

Бул өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 30-июнда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 49 732 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар беш жарым миллиондон ашты. (ElB)

XS
SM
MD
LG