Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Канадада демонстранттар ханышалардын эстелигин кулатты


Ханыша Викториянын кулатылган эстелиги. Июль, 2021-жыл.
Ханыша Викториянын кулатылган эстелиги. Июль, 2021-жыл.

Канаданын Виннипег шаарында демонстранттар ханыша Елизавета II жана XIX кылымдагы Британ ханышасы Викторияга орнотулган эстеликтерди кулатышты. Бул "Британиянын Канададагы колониалдык мурасына - жергиликтүү элге карата жасалган ырайымсыз мамилесине каршылык" деп айтылды.

Акыркы апталарда жергиликтүү элдин балдары тарбияланган католик интернаттарынын аймагынан жүздөгөн баланын сөөгү көмүлгөн көрүстөндөр табылган. Анда 1900-1970-жылдар аралыгында өлгөн үч жаштан жогору курактагы балдардын сөөктөрү аныкталган. Бул мезгилде мектеп-интернаттар жергиликтүү элдин тилин жана маданиятын жок кылуу максатында балдарын мажбурлап ассимиляциялоо саясатынын бир бөлүгү болгон.

Интернаттагы балдар оор шарттардан каза табышкан. Балдар мекемелери жакшы жылыган эмес, антисанитария күч алган.

Канададагы ассимиляция программасы 1863-жылдан 1998-жылга чейин созулган. Бул убакта бийлик 150 миңден ашуун баланы ата-энесинен ажыратып, интернаттарда кармаган. Аларга эне тилинде сүйлөөгө тыюу салынган, өз элине таандык жашоо образынан жана каада-салттарынан алыстатылган.

2008-жылы Канаданын бийлиги түзгөн комиссия бул интернаттарда тарбиялангандардын көпчүлүгү үйлөрүнө кайтып барбаганын аныктап, мажбурлап ассимиляциялоо саясатын маданий геноцид деп айыптаган.

Канаданын көптөгөн шаарларында колониалдык мурастарга каршы демонстранциялар өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG