Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Орусиялык хакерлер шектелген киберчабуулдан миңдеген компаниялар жабыр тартты


Орусиялык хакердик топ ишке ашырды деген чабуулдан жабыр тарткан компаниялардын саны такталууда. Киберкоопсуздук боюнча эксперттердин маалыматы боюнча, 2-июлдун кечинде башталган хакердик чабуулдан кеминде 17 өлкөдөгү миңдеген колдонуучулар зыянга учурады. Чабуул Kaseya программалык камсыздоосун колдонгондорго жасалган.

Аны REvil деген топ жасады деп шектелүүдө. Киберкылмышкерлер чабуулдун алдында 45 миңден 5 миллион долларга чейин акча талап кылган.

Америкалык Kaseya компаниясынын директору Фред Воккола чабуулдун кесепетинен миңдеген колдонуучулар жабыр тартканын ырастап, бирок кеңири маалымат берүүдөн баш тартты.

АКШ президенти Жо Байден өлкөнүн коопсуздук кызматтарына иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Чабуулдун айынан швециялык Coop компаниясы дүйнөнүн ар кыл бурчундагы 800дөн ашык дүкөнүнүн ишин токтотууга аргасыз болду. Мындан сырткары Германия, Нидерланддардагы ири IT-компанияларга зыян келтирилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG