Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

COVID-19: Казакстанда вирус жугузгандар кескин көбөйдү


Казакстан, жолго коюлган тосмо
Казакстан, жолго коюлган тосмо

Казакстанда соңку эки күн катары менен коронавирус жугузгандардын саны рекорддук чекке жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 5-июлда 3 031 адамдан вирус аныкталганын кабарлады. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

4-июлда болсо 3 003 адамдан СOVID-19 вирусу табылган эле. Жекшембиде өлкө боюнча 25 киши коронавирустан жана эки адам “ковид сымал пневмониянын” кесепетинен көз жумду. Мындай рекорддук көрсөткүч дүйнөдө вирустун “дельта” түрү тарап жаткан учурга туш келди.

Учурда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарлары, Акмола жана Атырау облустарында вирус көп катталууда.

Пандемия башталгандан бери өлкө бийлиги коронавирустан 4469, “ковид сымал пневмониянын” кесепетинен 3 465 адам каза болгонун расмий кабарлады. Бирок эксперттер иш жүзүндө вирустун айынан көз жумгандардын саны алдаганча көп экенин айтып келишет.

Өлкөдө Карагандада өндүрүлгөн "Спутник V" жана Казакстан иштеп чыккан QazVac вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. 5-июлга карата, Казакстанда 2 миллион 190 миң адам вакцинанын эки дозасын тең алса, 3 миллион 771 миң адам биринчи дозасын сайдырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG