Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

118 кызматын кеңейтүү иштери жүрүүдө


Бишкектеги коомдук транспорт
Бишкектеги коомдук транспорт

Кыргызстанда июнь, июль айларында коронавирус жуктургандар көп болгондуктан, ыкчам жардам берүүчү 118 кызматын кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Мындан ары бейтаптар 118 кызматы аркылуу аралыктан эле жардам албай, коронавируска каршы эмдөөгө кезекке тура алышат.

Бул кызматка үй-бүлөлүк дарыгерлер, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын жогорку курстарынын студенттери, ординаторлор да кошулду.

Кызматтын иштөөсүнө БУУ жана "Сорос Кыргызстан" фонду демөөрчү катары жардам берүүдө.

Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан тогуз адам көз жумду. 2020-жылдын март айынан бери 2 046 киши оорунун курмандыгы болду.

Бир суткада 1 437 адамда вирус жаңы аныкталды. Алардын басымдуусу - 924 киши Бишкекте.

Ооруканада 4 126 адам, үйүндө 11 589 киши дарыланууда. 176 кишинин абалы өтө оор. (BCh)

XS
SM
MD
LG