Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:23

Өзбекстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди


Үлпөт той өткөрүлүүчү ресторан. Өзбекстан.

Коронавируска каршы республикалык комиссиянын чечимине ылайык, массалык иш-чаралардын бардык түрлөрү, спорттук мелдештер, ошондой эле ачык жана жабык жайларда концерт, майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды.

Спорттук мелдештер көрүүчүлөрү жок өткөрүлөт. 1-августтан тартып өлкөдө аш-той жана башка үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүүдө катышуучулардын саны 50 кишиден ашпасын деген чектөө киргизилет.

1-майдан тартып Өзбекстанда жабык жайларда концерт, спектаклдерди коюу бактылуу токтотулган.

Коронавируска каршы күрөшүү комиссиясы 28-июндан 12-июлга чейин Өзбекстанда карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG