Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Алматыда өкмөткө каршы митингге чыккан активисттер 10 күнгө камалды


Алматыдагы өкмөткө каршы митинг, 6-июль 2021-жыл.
Алматыдагы өкмөткө каршы митинг, 6-июль 2021-жыл.

Алматынын райондор аралык административдик соту каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын 6-июлда кармалган эки активистин — Ырысбек Токтасын менен Даурен Достияровду 10 суткага камакка алуу чечимин чыгарды

Аларга карата Административдик мыйзам бузуулар боюнча кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси менен протокол түзүлгөн. Соттун өкүмүндө айыпталуучулар 6-июлда өткөн митингде “уят сөздөрдү айтып, коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузганы” жазылган. Сотто Токтасын бул айыптоолорду четке какты. Достияров күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алган.

Активисттер менен чогуу кармалган дагы бир жаран да ушундай эле мөөнөткө камалганы кабарланууда.

Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун лидери Жанболат Мамайдын жубайы Инга Иманбайдын айтымында, полиция митингчилерди 6-июлда Абай жана Байтурсынов көчөлөрүнүн кесилишинде кечке чейин кармап туруп, саат 22:30дарда гана бошоткон.

Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ өз тарапташтарын 6-июлда өкмөткө каршы митингдерге чыгууга чакырган. Бул күнү өлкөдө борбор шаардын күнү менен катар өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү да белгиленди.

6-июлда түшкө жакын полиция кызматкерлери митинг өткөрүү үчүн Спорт ордосунун алдына топтолгон ондогон кишини курчоого алган. Андан бир нече киши жаракат алганы кабарланган.

Нааразылык акциянын катышуучулары өкмөттүн саясатына, өлкө экономикасындагы Кытайдын таасиринин күчөп жатышына жана баалардын жогорулашына каршы пикирлерин айтып, "Назарбаев, кет!", "Өкмөт отставкага кетсин!" деп кыйкырышкан.

XS
SM
MD
LG