Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Милиция: Ошто түшкө чейин шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу катталган жок


Ош шаарындагы шайлоо участокторунун бири.
Ош шаарындагы шайлоо участокторунун бири.

Ош шаарында түшкө чейин шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу катталган жок жана коомдук абал көзөмөлдө. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Жергиликтүү милициянын билдиришинче, шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 27 кайрылуу келип түшкөн.

"27 иштин жетөө добуш сатып алууга байланыштуу. Алардын көпчүлүгүнүн иликтөө иштери аяктап, сотко өтүү алдында турат. Калган 20 иш далилдөөнү талап кылган материалдар. Өткөн шайлоолорго салыштырмалуу тынч өтүп жатат".

Анткен менен жергиликтүү байкоочулар добуш берүүгө келген шайлоочуларды тизмеден белгилеп отурган аялдарды аныктаганын билдирүүдө.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG