Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 12-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош облусунун кээ бир райондорунда нөшөрлөп жамгыр жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Бийик тоолоруу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүз 32…34° ысык болот.

XS
SM
MD
LG