Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Кайра шайлоо: добуш берүү аяктады


Бишкектеги добушканалардын биринде тартылган сүрөт.
Бишкектеги добушканалардын биринде тартылган сүрөт.

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерин шайлоо саат 20:00дө аяктады. Автоматтык саноочу урналардан алынган баштапкы жыйынтыктар жакынкы сааттарда аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

11-июлда үч шаардагы саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

Кечки саат алтыга чейин 155 707 адам (25,22%) келип, Ош менен Токмокто жарандар Бишкекке салыштырмалуу жигердүү катышканы расмий кабарланган.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган. Ага 26 партиядан 2200дөн көп талапкер катышты.

Үч калааны кошкондо 617 миң 517 шайлоочу бар. Алардын 427 миңдейи Бишкекте, 153 миңге жакыны Ошто, 38 миңден ашууну Токмокто. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG