Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Куба: жаштар бийликке каршы акцияга чыгышты


Куба.

Кубада коммунисттик бийликке каршы миңдеген адам нааразылык акциясына чыгышты. Кариб аралдарында жайгашкан бул мамлекетте өтө сейрек демонстрацияга чыккан жаштар «Диктатура жоголсун!», «Эркиндик!» деген ураандарды чакырып жатышты.

11-июлда президент Мигель Диас-Кантель өз тарапташтарын баш калаа Гаванадагы демонстранттарга каршы чыгууга чакырды.

Нааразылык акциясы Кубада Советтер Союзу таркагандан берки эң катаал экономикалык кризис күч алып, коронавирус жайылып жаткан маалга туш келди. Анын катышуучулары азык-түлүктүн жетишсиздигине, жарандык эркиндиктин чектелишине жана пандемияга байланыштуу бийликтин аракеттерине нааразылыгын билдиришти.

AFP агенттигинин журналисттери кабарлагандай, полиция топтолгондорду таркатуу үчүн жаш агызчу газ чачты. Тартип коргоочулардын айрымдары желим таяктарды колдонгону маалым болду.

Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, президент 12-июлда эртең менен да элге кайрылуу жасайт. Кошмо Штаттардын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Куба бийлигине демонстранттарга күч колдонуунун кесепети оор болорун эскертти.

«АКШ Кубадагы сөз эркиндигин, өз укуктарын коргоп чыккан тынч демонстранттарга күч колдонууну жана куугунтуктоону айыптайт»,-деп жазды ал «Твиттерге».

Вашингтон ондогон жылдар бою Кубадагы коммунисттик бийликке каршы чыгып, олуттуу санкцияларды киргизип келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG