Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Кербен шаарынын мэри үчүнчү ирет шайланган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кербен шаардык кеңеши үч жолу тең мэр шайлай алган жок. Мындан улам депутаттарды таратуу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы районундагы жана Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү Казыбек Шадыбеков билдирди.

"БШК Кербен шаардык кеңешин таратып, кайра шайлоо дайындоо тууралуу президентке кат жиберди", - деди Шадыбеков.

Кербен шаарынын мэрин шайлоо алгач 7-июнга белгиленип, бирок кворум жоктугунан өтпөй калган.

21-июндагы шайлоодо жалгыз талапкер Медет Айдаралиев талапкерлигин алып койгондуктан шайлоо токтогон.

5-июлдагы мэр шайлоодо Айбек Атамкулов талапкер болгон, бирок кворум жоктугунан шайлоо өткөн эмес.

Кербен шаардык кеңешинде 31 депутаттык орун бар. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG