Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Ошто үч партия шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда


Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 11-июль, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 11-июль, 2021-жыл.

Ош шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып үч партия АШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» АШКнын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Арызды баштапкы жыйынтык боюнча мандат албай калган «Улуу-Журт», «Бүтүн Кыргызстан» жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган «Ынтымак» партиясы жазган.

«Шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталды. Ар бир партияда далилдер бар. Териштирсе көрсөтүп беребиз. Президент Садыр Жапаров Оштун мэрине шайлоону таза өткөрүү боюнча тапшырма берди эле. Аны аткара алган жок», — деди "Улуу-Журт" партиясынын лидери Мирлан Орозбаев.

Ош аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиялардын талабы тууралуу комментарий бере элек.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Саясий жарышка жалпы тогуз партия катталган, бирок 10-июлда Боршайком «добуш сатып алуу аракетин көрдү» деген негизде «Ынтымак» партиясын тизмеден четтеткен.

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, шаарда «Ата-Журт - Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Бир бол» партиялары алдыга озду. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG