Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Грузияда телеканалдар бийликтин отставкасын талап кылышты


Грузиядагы акция.
Грузиядагы акция.

Грузияда менчик төрт телеканал премьер-министр Ираклий Гарибашвилинин кызматтан кетишин талап кылып берүүлөрүн 24 саатка токтотуп койду.

Алардын мындай чечимине ЛГБТ коомчулугуна каршы чыккандардын журналисттерге кол салышы түрткү болду. 5-июлда гомофобдордун ур-токмогуна калган телеоператор Лексо Лашкарава көз жумган. Оппозиция жана медиа коомчулук бийлик бул окуяны болтурбоо үчүн алдын ала эч кандай чара көрбөгөнүн айтышууда.

Маалымат каражаттарынын кызматкерлери ошондой эле күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылып жатышат.

Берүүлөрүн токтотуп койгондордун арасында "Мтавари", 2ТВ Пирвели", "Формула" жана "Кавкасия" телеканалдары бар. 13-июлда телеоператор Лексо Лашкараваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты маалында аймактык телеканалдар өз берүүлөрүн он мүнөткө токтотушкан.

Жыйырмага чукул мамлекеттердин дипломатиялык миссиялары зомбулукту айыптап, Грузия бийлигин адам укуктарын коргоого чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG