Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Кыргызстанда жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелди


Аймактар боюнча жашоо минимуму.
Аймактар боюнча жашоо минимуму.

Кыргызстанда ушул жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал 4900 сомду түзгөн.

Статкомдун 2020-жылга карата эсеби боюнча, ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт. Бир адамдын жылдык кирешеси 35 миң сомдон аз болсо кедейликте жашайт деген аныктама берилди. Ал эми жакырчылыктын жеткен чегинин суммасы 19 744 сом. Мындай чекте жашаган калктын саны 1 миллион 678 миң болду. Алардын 73,7% элетте жашагандар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG