Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:04

Министрлик Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдө өсүш башталганын билдирди


Ош шаарындагы эмдөө пункттарынын биринде тартылган сүрөт. 14-июль, 2021-жыл.
Ош шаарындагы эмдөө пункттарынын биринде тартылган сүрөт. 14-июль, 2021-жыл.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алууда динамикалуу өсүш башталганын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 14-июлда кечки саат сегизге карата эмделгендердин саны 144 миңден ашты.

Расмий маалыматка караганда, вакцина сайдыргандардын көбүн 30дан 70 жашка чейинки жарандар түзүп жатат.

Кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакциналары менен эмделүүдө. Эмдөө акысыз, 18 жаштан өткөн бардык жарандар алса болот. Поликлиникалардан тышкары соода борборлорунда, парктарда жана билим берүү мекемелеринин имараттарында эмдөө пункттары ачылган.

Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын расмий саны 14-июлда 143 миңден ашты. Бейтаптардын 2000ден көбү көз жумду. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG