Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Меркел менен Байден Вашингтондо жолугат


Байден жана Меркел. 2013-жыл, Берлин
Байден жана Меркел. 2013-жыл, Берлин

Германиянын канцлери Ангела Меркел 15-июлда Вашингтондо АКШ президенти Жо Байден менен жолугат. Бул визит анын канцлер катары акыркы сапарларынын бири. Германияны 16 жылдан бери башкарган Меркел быйылкы шайлоодон соң кызматтан кетерин жарыялаган. Анын АКШга сапары Германияда парламенттик шайлоого эки ай алганда болуп жатат.

Байден менен жолугушууда немис канцлери АКШ-Германия кызматташтыгы туруктуу түрдө өнүгүшүн белгилейт деп күтүлүүдө. Кошмо Штаттарда Дональд Трамп президент кезде дипломатиялык пикир келишпестиктер болгон, Жо Байдендин кызматка келиши менен мамиле жакындады.

Жолугушууда Байден менен Меркел коронавирус пандемиясына байланыштуу абал, Кытайдын саясаты жана “Түндүк агым-2” долбоорунун келечегин талкуулашы мүмкүн.

“Түндүк агым-2” газ кууру менен Орусиянын газын Украинанын аймагына кирбей туруп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга жеткирүү каралган. Бул долбоор аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуу көз карандылыгын азайткысы келип жатат. Европанын бир катар өлкөлөрү жана АКШ “Түндүк агым-2” ишке кирсе, Москванын Украинага карата басымы күчөйт деп сындап келет. Балтика деңизинин түбүнө жаткырылчу куурдун курулушу АКШнын санкцияларынан улам 2019-жылдын аягында токтоп калган.

Бирок жакында Жо Байден бул маселени чечүүгө даяр экенин белгилеп, долбоорго катышкан немис компанияларына санкция салуудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG