Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

16-июлдун аба ырайы


Кыргызстан. Сары-Челек көлү.
Кыргызстан. Сары-Челек көлү.

Шашылыш билдирүү: 15-19-июль күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июлда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 28…33;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүз 27…29 градуска чейин ысыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG