Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

ТИМ Кытайдан "Токтогул" ГЭСине керектүү жабдыктарды чек арадан өткөрүүнү суранды


"Токтогул" ГЭСи.
"Токтогул" ГЭСи.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев 14-июлда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, “Эркечтам” өткөрмө бекетинде кармалып турган “Токтогул” гидроэлектростанциясын жаңылоого керектүү жабдууларды Кыргызстанга өткөрүүгө көмөктөшүүнү суранды.

Тышкы иштер министрлиги Ду Дэвэнь Кытай тарап маселени чечүүгө жардам берерин айтканын билдирди.

Кыргызстандын буюртмасы менен Кытайда жасалган “Токтогул” ГЭСине керектүү жабдыктардын жарымы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” бекети, экинчи жарымы Казакстан аркылуу казак-кытай чек арасындагы “Хоргостон” келери пландалган.

“Хоргосто” коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам кезек көп болгондуктан Кыргызстандын жабдыгы 300-кезекте экени май айында маалым болгон.

“Токтогул” ГЭСине Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 40% туура келет. 1975-жылы курулган ишкананын үч этаптан турган эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылып жаткан алгачкы реконструкциясы 2017-жылы башталган. Үчүнчү этап 2023-жылы жыйынтыкталышы керек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG