Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

HRW Беларустагы жарандык коомго басымды айыптады


Human Rights Watch уюму
Human Rights Watch уюму

Human Rights Watch (HRW) уюму Беларус бийлигин өлкөдө бейөкмөт уюмдарга карата "массалык, буга чейин болбогон" рейддерди жүргүзүп, жарандык коомдун өкүлдөрүн кармаганы үчүн айыптады. Уюм тинтүү учурунда кармалгандарды тезинен бошотууну талап кылды.

Уюмдун директорунун орун басары Рейчел Денбер Беларус бийлиги былтыркы президенттик шайлоодон бери бир жыл бою жүздөгөн журналист, активист, бийликке сын айткандарды куугунтуктап, кармап, камап келгенин, эми мындай куугунтуктун жаңы толкуну башталганын билдирди.

"Бардык активисттер тезинен бошотулушу керек, ал эми аларга тагылган жалган жалаалар жокко чыгарылышы зарыл", - деди Денбер.

Мындай билдирүү Беларуста "Весна" укук коргоо уюму баш болгон 20га жакын уюмдун кеңселерине тинтүү жүргүзүлгөн соң таратылды.

Тинтүү жүргүзүлгөн уюмдардын арасында Lawtrend укук коргоо уюму, “Имена” долбоору, “Гендердик перспективалар” уюму, Беларус журналисттер бирикмеси, Жазуучулар союзунун кеңселери бар. Тинтүүнүн жүрүшүндө онго жакын адам кармалды.

Беларус бийлиги өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттары менен укук коргоо уюмдарына басым кылып, көпчүлүгүн жапкан.

"Весна" уюму постсоветтик аймактагы эң ири укук коргоо уюмдарынын бири. Беларустагы саясий куугунтуктар жана кармоолор боюнча көз карандысыз маалыматты ушул уюм таратып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG