Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Нидерланддарда криминалды иликтеген журналист кол салуудан каза болду


Питер Де Врис
Питер Де Врис

Нидерланддардагы белгилүү журналист Питер Де Врис көз жумду. Европадагы кылмыштуу топтор боюнча жазган журналистти Амстердамда 6-июлда атып кетишкен. Анын денесине алты жолу ок тийген.

Эки жумадан бери оор абалда ооруканада жаткан 64 жаштагы журналист бүгүн көз жумду. Анын өлүмүнө шектүү катары 21 жаштагы жергиликтүү жана 35 жаштагы польшалык жаран кармалды.

Питер Де Врис Нидерланддардагы криминалдын мыйзамсыз иштерин ашкерелеген бир нече иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Ага буга чейин коркутуп-үркүтүүлөр болуп келген. Журналист соңку учурда уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз иштери боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берип жаткан.

Буга чейин Питер Де Вриске кол салууну Нидерланддардын королу, премьер-министри жана Европа Биримдигинин жетекчилиги айыптаган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG