Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Германия: суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок 


Германиядагы суу ташкындын кесепети
Германиядагы суу ташкындын кесепети

Германиянын батышында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Чинара Токталиева билдирди.

"Биз Дюссельдорф шаарынын Өзгөчө кырдаал бөлүмү менен байланыштабыз. Азырынча жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Болбой эле койсун. Негизинен дарыянын жээгинде жайгашкан кыштактарды суу каптап кетиптир. Биз жабыркаган аймактардагы кыргызстандыктар жана тийиштүү жергиликтүү мекемелер менен байлынышып, кабар алып жатабыз".

Германиянын батышындагы суу ташкындан 100дөн ашуун киши көз жумду. Кёльн шаарынын түштүгүндөгү Арвайлер районунда 1300дөн көп адам дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Тынбай төккөн нөшөрдөн улам дарыялар нугунан чыгып, жакынкы аймактарды каптап кеткен. Мындан улам Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц аймактарында кан жолдор жабылып, жергиликтүү тургундар коопсуз жайларга чыгарылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG