Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Ооганстанда Reuters агенттигинин журналисти окко учту


Даниш Сиддики
Даниш Сиддики

Ооганстанда Пакистан менен чек арадагы өкмөттүк аскерлер менен талибдердин салгылашы маалында Reuters агенттигинин журналисти Даниш Сиддики каза болду. Журналист жана дагы бир ооган офицери 16-июлда Спин-Болдактагы базардагы салгылаш учурунда окко учкан. Сиддики ушул аптанын башында Кандагар аймагында иштеп, ооган аскерлеринин операцияларын чагылдырып жүргөн.

“Даниш чыгаан журналист, мыкты жолдош жана ата, сүйүктүү кесиптешибиз эле. Азыркыдай оор учурда анын үй-бүлөсүнүн кайгысын бөлүшөбүз”, - деп билдирди Reuters агенттигинин жетекчилери.

Агенттиктин кабарлашынча, Сиддики буга чейин жумуш маалында колунан жаракат алган. Ал дарыланып, жакшы боло баштаган.

Спин-Болдак бекети талибдер үчүн стратегиялык мааниге ээ. Дал ушул жай аркылуу Пакистандагы Белужистан аймагына түз каттоого жол ачылат. Аталган аймакта Пакистандагы “Талибан” кыймылынын күчтөрү жайгашкан. Ал эки күн талибдердин колуна өткөн, учурда өкмөттүк күчтөр аны кайтаруу үчүн чабуул жасап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG