Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Нью-Йорк соту Кумтөр иши боюнча бир нече чечим кабыл алды (жаңыланды)


Кумтөрдөгү карьер
Кумтөрдөгү карьер

19-июлда Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотто Кумтөргө байланыштуу иш уланды. Кумтөргө сырткы башкаруучу катары дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк "Азаттыкка" 20-июлда билдиргендей, анда судья Лиза Г. Бекерман "Центерра Голд" колдогон Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын адвокаты Жеймс Бромлинин арызын карады. Бөлтүрүк судья бул арызды канааттандыруудан убактылуу баш тартканын, ал арыз Кумтөрдүн мүлкүнө арест коюуга байланыштуу экенин айтты. Ал кошумчалагандай, бул боюнча кийинки соттук отурум 17-августта улана турган болду.

Бирок "Центерра" компаниясынын өкүлү арыз Кумтөрдүн мүлкүнө арест коюну көздөбөгөнүн билдирди. Анын айтымында, Sullivan & Cromwell LLP компаниясы Бишкектин Ленин райондук сотунун 6-июлдагы аныктамасын ишке ашырууга бөгөт коюуну соттон өтүнгөн. Ленин райондук соту бул аныктамасы менен "Кумтөр Голд Компанинин" акционерлеринин 31-майдагы кезексиз жыйынынын чечимдерин убактылуу токтоткон. Мындан тышкары сот бир нече адамга жана Sullivan & Cromwell LLP менен Stikeman Elliot LLP юридикалык фирмаларына "Кумтөр Голд Компанинин" атынан акционерлердин кезексиз жыйынынын чечимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу кандайдыр иш-аракет жасоого тыюу салган. "Кумтөр Голд Компанинин" акционерлеринин майдын соңундагы жыйынында "Центерра Голд" компаниясы ишкананын жалгыз акционери деп таанылган болчу.

Мындан тышкары америкалык соттун документтери көрсөткөндөй, 19-июлдагы соттук процесстин натыйжасында судья Лиза Г. Бекерман Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын башка бир нече өтүнүчүн канааттандырган. Алардын арасында "автоматтык түрдө токтото туруу" (анг. automatic stay) жобосун ишке киргизүү, кыргыз тарапты "бул жобонун тартибин бузду" деп табуу, "Центерра" колдогон тараптын соттогу чыгымдарын төлөп берүү сыяктуу өтүнүчтөр бар.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы узартылат.

Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны май айынын ортосуна чейин канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип келген. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

P.S. Жаңылык америкалык соттун 20-июлдагы документтеринин жана "Центерра" компаниясынын өкүлүнүн билдирүүсүнүн негизинде толукталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG