Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:40

Навальныйдын штабынын мурдагы кызматкерлери кармалды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Абакта отурган орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйдын Воронеждеги штабында иштеген София Капиносова менен Андрей Ахмедулов Москвада кармалып, камакка алынды.

Бул тууралуу Орусиядагы "ОВД-Инфо" порталы кабарлады. София Капиносова менен Андрей Ахмедуловдун адвокаты Александр Саламов алар Навальныйга карата козголгон "алдамчылык" боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалышы мүмкүн экенин айтты.

Бирок адвокат азыр кармалгандар кандай макамда жана тергөөдө кайсы жагдайлар боюнча сурак берип жатканы тууралуу маалымат бере алган эмес.

Буга чейин "Навальный LIVE" каналынын мурдагы режиссеру Алексей Яковлев Москвага учуп келип, Шереметьево аэропортуна конгон учактын ичинен кармалган.

Ал дагы Алексей Навальныйга козголгон алдамчылык ишинин алкагында кылмышка шектүү деп табылып, Тергөө комитетине жеткирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG