Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ирандык ишкерлер кызматташуу максатында Бишкекке келишти


Кыргызстандын жана Ирандын байрактары коюлган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жана Ирандын байрактары коюлган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандан Кыргызстанга инвестиция тартуу жана биргелешкен ишканаларды ачуу жаатында 22-июлда Бишкекте сүйлөшүүлөр өтөт. Эки өлкө ишкерлери Кыргызстан-Иран бизнес форумуна чогуларын Ирандын элчилигинен кабарлашты.

Кызматташуу маселелерин талкуулаш үчүн Ирандан айыл чарба, өнөр жай, курулуш материалдары, тоо-кен, фармацевтика жана медициналык шаймандарды өндүрүү жаатындагы 40 ири компаниянын өкүлдөрү келди.

Бизнес форум Иран менен Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө туруктуу келишим түзүүнүн алдында өтүп жатат.

Кыргызстандын Иран менен түз чек арасы жок. Экономикалык жактан алганда эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 11 миллион доллардын тегерегинде экени айтылат. Бишкек Тегеранга эт жана төөбурчак экспорт кылат.

Кыргыз-Иран бизнес форуму буга чейин 2016 жана 2017-жылдары өткөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG