Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Ырчы Азиз Батыров Түркияда өткөн фестивалда жеңүүчү болду


Ырчы Азиз Батыров (ортодо) жана "Ынтымак" тобу.
Ырчы Азиз Батыров (ортодо) жана "Ынтымак" тобу.

Кыргызстандык ырчы, дастанчы Азиз Батыров өзү түзгөн “Ынтымак” тобу менен бирге Түркиянын Ялова шаарында өткөн эл аралык фестивалда 1-орунду жеңип алды. Бул тууралуу ырчы “Азаттыкка” маалымдады.

"Түрк урууларынын маданият фестивалынын" Батыровго ыйгарылган диплому.
"Түрк урууларынын маданият фестивалынын" Батыровго ыйгарылган диплому.

"Түрк урууларынын маданият фестивалы" деп аталган иш-чара быйыл 16-20-июль күндөрү өтүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Татарстан жана башка жыйырмага жакын мамлекеттердин өнөрпоздору катышкан. Кыргыстандын атынан Азиз Батыров жана "Ынтымак" тобу катышып, кыргыздын салттуу ырларын аткарышкан.

Ялова фольклордук билим берүү борборунун Жаштар жана спорт клубдарынын ассоциациясы (YAFEM) тарабынан уюштурулуп жаткан "Түрк урууларынын маданият фестивалы" быйыл 24-жолу өтүп жатат. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG