Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Сыдыгалиев: экс-транспорт министри министрликтин ишине кийлигишип жатат


Нурбек Сыдыгалиев.
Нурбек Сыдыгалиев.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев мурдагы транспорт министри учурда министрликтин ишине кийлигишип жатканын билдирди. Бул тууралуу парламенттин 28-июлдагы отурумунда транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаевге суроо берип жатып айтты.

Сыдыгалиевдин айтуусунда, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы 70 км "Эпкин-Баш-Кууганды" жол тилкесин салуу боюнча тендердин создуктурулуп жатканына мурдагы транспорт министри себепкер.

"Силер банкка көз каранды эмессиңер, силер мурда иштеп кеткен экс-министрге көз карандысыңар. Ошолор министрликке кийлигишип жатабы? Алар качан кийлигишпей калганда анан оңолосуңар. Аны баары жакшы билет, атын, фамилиясын айтпай эле коеюн, баары билет. Ким кийлигишип жатканын жакшы билем".

Министрдин орун басары тендерге эч ким кийлигишпегенин айтты.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаев "Эпкин-Баш-Кууганды" жолун салуу боюнча өткөн тендерге катышкан компаниялардын финансылык сунушу 28-июлда каралып, Азия өнүктүрүү банкына жөнөтүлөт.

Тендердин жыйынтыгы 20-августка чейин чыгышы мүмкүн.

2018-жылы өткөн тендерди италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы утуп, жолду 2021-жылы колдонууга бериш керек болчу. Бирок үч жылда болгону 9% жумушту аткарган. Мындан улам кыргыз өкмөтү италиялык компания менен келишимди 2020-жылы 1-декабрда үзгөн. Андан бери сегиз ай өткөнүнө карабай жолду сала турган компания тандала элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG