Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Беларустан Литвага мыйзамсыз өткөн мигранттардын тобу кармалды


Литва. Беларустан кирген мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотуу үчүн тартылган тосмо.
Литва. Беларустан кирген мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотуу үчүн тартылган тосмо.

Литванын чек арачылары 28-июлга караган түнү Беларустан чек араны мыйзамсыз өтүп келген 171 мигрантты кармады. Бул тууралуу Литванын чек ара кызматы билдирди. Ага ылайык, бул соңку жылдары бир күндө кармалган мыйзамсыз мигранттардын эң жогорку көрсөткүчү. Кармалгандардын дээрлик бардыгы Ирактын жарандары экенин айтышып, ошол өлкөнүн документтерин көрсөтүшкөн.

Литванын президенти Гитанас Науседа мигранттардын агымы курчуп кеткен шартта гана өзгөчө абал киргизилерин айтканын Delfi агенттиги жазды. Азырынча ага зарылдык жок.

"Мен кылдаттык менен кырдаалга байкоо салып турам. Биз өзгөчө учурда Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрүн пайдалана алабыз. Калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана өзгөчө абал киргизүү маселесине кайтып келе алабыз", - деди Науседа.

Президент бейшемби күнү парламенттеги партиялардын жетекчилери менен жолугуп, мигранттардын чек арадагы агымына байланыштуу кризисти чечүүнүн жолдорун жана өлкөнүн тышкы саясатын сүйлөшөт.

Вильнюс Беларусту чет элдик мыйзамсыз мигранттарды чек арадан өткөрүүгө өбөлгө түзүп жатат деп айыптады. Муну Литва ага каршы жасалган Минскинин атайын саясаты катары кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG