Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Бразилия Орусиянын вакцинасын алуудан баш тартты


Бразилия. Коронавируска каршы эмдөө.
Бразилия. Коронавируска каршы эмдөө.

Бразилиянын өкмөтү Орусиядан 10 млн. доза "Спутник V" вакцинасын алуу боюнча быйыл мартта кол коюлган макулдашууну жокко чыгарды. Бул тууралуу Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бул чечим Бразилиянын Дары-дармектерди каттоо агенттиги орусиялык вакцинаны колдонууга уруксат берүүнү кечеңдеткени себеп болду.

Ошондуктан министрлик өлкөдө коронавируска каршы эмдөө программасы эми Орусиянын вакцинасыз жүргүзүлөрүн билдирди. Бирок эгерде аталган агенттик "Спутник V" вакцинасын колдонууга уруксат берсе, анда жагдай өзгөрүшү мүмкүн экени айтылды.

Орусиялык түз инвестициялар фонду менен Бразилиянын União Quimica фармацевтикалык компаниясы 10 млн. доза "Спутник V" вакцинасын алуу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ал компания вакцинаны Бразилиянын аймагында өндүрүп, ашыкчасын кайра үчүнчү өлкөлөлөргө импорттоону пландаштырган. Бул үчүн компания Бразилиянын дары-дармектерди каттоочу Anvisa мамлекеттик агенттигинен уруксат алууга тийиш болчу. Бирок агенттик "орусиялык вакцина тууралуу жетиштүү маалыматтар жок" деген негизде аны каттабайт, колдонууга уруксат бербей келген.

Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлиги наркы 316 млн. доллар турган Индиянын Covaxin вакцинасынын 20 млн. дозасын алуу боюнча келишимди дагы жокко чыгарды. Аны колдонууга Бразилиянын Anvisa мамлекеттик агенттиги уруксат берген эмес.

Пандемия башталгандан бери Бразилияда илдет 20 миллиондон ашуун адамга жуккан. Анын ичинен 550 миңден ашуун адам коронавирустун кесепетинен каза тапты.

Бразилияда азыркы учурда COVID-19 вирустук инфекциясына каршы эмдөө үчүн төрт препаратты колдонууга уруксат берилген. Алар - Pfizer/BioNTech, AstraZeneca, Johnson&Johnson жана Sinovac вакциналары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG