Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 30-июлда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кадамжай" бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбекстандык үч адамды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 1999-1995-2001-жылы туулган жарандары коронавирус жок деген ПЧР-тесттин жыйынтыгы жок чек арадан өтүүгө аракет кылган. Мындан улам алардын чек арадан өтүүсүнө уруксат берилген эмес. Алар жаңжал уюштуруп, милициянын талабына баш ийбегени кабарланды.
Укук коргоо органдары мамлекеттик чек араны бузгандар менен тиешелүү иштерд жүргүзгөн.
Чек ара кызматы акыркы учурда коронавирус жок деген жасалма ПЧР-тест менен чек арадан өтүүгө аракет кылган учурлар көбөйгөнүн айтат.
Кошуна мамлекет тараптан кармалган жарандар тууралуу комментарий боло элек.(МТа)