Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

УКМК чек арадагы текшерүү тууралуу маалыматтарды четке какты


Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош облусу.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош облусу.

Өзбек жарандарынын кыргыз-өзбек чек арасында
мыйзамсыз текшерүүгө жана чек арачылардын опузасына кабылып жатабыз деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 31-июлда билдирди. Маалыматка караганда, социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуулардын негизинде тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында айтылгандар тастыкталган эмес.

Чек ара кызматы 2021-жылдын июнь айындагы буйрукка ылайык, кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар чек арадан өтүүдө санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын же COVID-19га каршы эмдөө сертификатын көрсөтүшү керек экенин маалымдайт.

Ошол эле учурда, акыркы убакта жасалма маалымкат менен чек арадан өтүү аракеттери көбөйгөндүгү айтылат.

Буга чейин өзбекстандык жарандар чек арадан өтүүдө негизсиз текшерүү көп болуп жатат деген нааразылыктарын билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG