Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Ооганстанда талибдер Кандагар аэропортун бутага алды


Ооганстандагы согуштан улам тынч жай издеген үй-бүлөлөр жолго чыгууга аргасыз.
Ооганстандагы согуштан улам тынч жай издеген үй-бүлөлөр жолго чыгууга аргасыз.

Ооганстандагы экинчи ири шаар Кандагардагы аэропорт талибдер таңга маал үч ракета аткандан кийин талкаланып, иштен чыгарылды. Чабуул үчүн жоопкерчиликти алган "Талибан" кыймылы аны менен Кандагар шаарынын тегерегиндеги аба соккуларын токтотууну көздөгөнүн билдирди.

Ооган өкмөтүнүн куралдуу күчтөрү Кандагардан башка батыштагы Герат жана түштүктөгү Лашкаргах шаарларынын тегерегинде талиб согушкерлери менен салгылаштарын улантууда.

"Кандагардагы автожолдор талкаланып калгандыктан, аэропорт абдан маанилүү эле. Талибдердин соккулары жергиликтүү элдин үшүн алып, жашоосун кыйындатты", - деп билдирди шаар тургуну Хедайатулла "Азади" радиосуна жекшембиде.

Ооганстандын коргоо министрлиги 1-августта атайын даярдыктагы бөлүктүн жүздөгөн аскерлери Гераттагы кырдаалды көзөмөлдөш үчүн аймакка жеткирилгенин билдирсе, Гельманд провинциясынын өкүлү жергиликтүү оорукананын жанында жарылган бомбадан бир киши каза таап, жашоочулардын көбү үйүнөн чыккандан коркуп камалып калганын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG