3-августта түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.
Facebook шеринеси