Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги депутаттардын сынына жооп берди


Кубанычбек Өмүралиев.
Кубанычбек Өмүралиев.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазовдун жана Айбек Осмоновдун быйыл июль айында парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде аталган дипломатиялык мекеменин дарегине айткан сын пикири боюнча комментарий берди.

Элчилик 2-августта тараткан комментарийинде элчи Кубанычбек Өмүралиев 26-июнда Стамбулда Казакстандын жана Өзбекстандын элчилери барган иш-чарага расмий чакыруу болбогондуктан катышпаганы, Өзбекстан үч айда 14 миллион долларлык инвестиция тартканы тууралуу маалымат чындыкка жатпай турганы, “президент Садыр Жапаров 10-июнда Анкарадагы кыргыз-түрк ишкерлер форумунда 10 мүнөт сөз сүйлөгөндөн кийин кетип калды” деген сөз да туура эмес экени, ал Стамбулда өткөн бизнес-форумга 1,5 саат бою катышып, бир катар жолугушууларды өткөргөнү айтылды.

Түркиядагы кыргыз жарандарынын нааразылыгы тууралуу билдирүүлөргө элчилик “Кайсы жарандар жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз, бирок ардактуу консул болгусу келген айрым абийирсиздер, албетте, аларга бөгөт койгон элчиге нааразы болушат” деп жооп берди.

Ошону менен катар элчилик Түркиядагы кыргызстандыктарды кабыл алуу дайыма жүрүп турарын, 2019-2020-жылдары эле ондон ашуун шаарда жолугушуулар уюштурулганын, депутаттардын “Түркияда 45 миң кыргызстандык бар” дегени туура эмес, алардын расмий саны 23 миңден ашуун экенин, пандемиянын таасирине карабастан быйыл жыл башынан бери ортодогу товар алмашуу былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 134 миллион долларга көбөйгөнүн билдирди.

Элчилик депутаттардын башка айыптоо-сындарын да четке какты.

5-июлда депутат Шайлообек Атазов "Анкарада бир топ маданий иш чаралар болот. Ага кыргызстандык элчи катышпайт экен. Түркия бийлиги уюштурган иш чараларга барбай жатат. Элчинин жоопкерчилигин кароо зарыл. Түркиядагы кыргыздар элчиликтен жардам көрбөй жатканын айтышты", - деп айткан.

Кубанычбек Өмүралиев 2019-жылдын март айынан бери Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG