Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Олимпиада: 3-августта кыргызстандык беш балбан беттешет


Акжол Махмудов 2-августта атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алган.
Акжол Махмудов 2-августта атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алган.

Бүгүн, 3-августта Токиодогу жайкы Олимпиадада кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азизбеков мелдештерди башташат. Ошондой эле Акжол Махмудов финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Анын Атаандашы - венгриялык Таман Лоринц.

Андан тышкары, бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков да жооткотуучу мелдешке чыгышат. Эгер утса, коло медаль үчүн күч сынашууга жолдомо алышат.

Ал эми Айпери Медет кызы 2-августта коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга жеңилип, 5-орунду ээледи.


Ушул күнү жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков да 5000 метр аралыкка чуркап, күч сынашууга чыгат.

Кыргызстандан Токио Олимпиадасына 16 спортчу аттанган. Мамлекет алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда расмий ачылган Олимп-2020 мелдештери 8-августта жыйынтыкталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG