Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Түркия: токойлордогу өрттөн 8 адам каза болду


Түркиянын түштүгүндөгү токойлордогу өрт бир жумадан бери өчүрүлө элек.
Түркиянын түштүгүндөгү токойлордогу өрт бир жумадан бери өчүрүлө элек.

Түркиянын түштүгүндөгү токойдогу өрт кеминде сегиз адам каза таап, ондогон киши ар кандай жаракат алды. Токойлорго жакын жайгашкан курорттук аймактардан туристтер чыгып кетүүгө аргасыз болуп, эс алуу жайлары бош калды.

Түркиянын айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли азыр токойлордогу өрттүн 125 очогу чектелип, көзөмөлгө алынганын билдирди. Ал эми башка аймактардагы дагы өрттүн жети очогу өчүрүлө элек.

Өрттү өчүрүүгө 40 градустан жогорку ысык аба ырайы жана катуу шамал тоскоол болуп жатканы белгиленди.

Миңдеген адамдар үйлөрүнөн көчүрүлүп, отелдердеги эс алуучулар өрт чыккан аймактардан чыгарылды.

Европа биримдиги Түркияга токойлордогу өрттүн жайылышын токтотуу үчүн өрт өчүрүүчү үч учак жөнөтөрүн билдирди.

Түрк бийлиги тилсиз жоону өчүрүү үчүн Орусияга, Украинага, Иранга жана Азербайжанга учак сурап кайрылганын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG