Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Кытайда эркин ырдоого тыюу салынат


Кытайдагы караокелерде эми каалагандай ырдоого болбойт.
Кытайдагы караокелерде эми каалагандай ырдоого болбойт.

Бээжин караокелерде ырдоого “жол берилгис мазмундагы” ырларды тизмектөөгө киришти. Мындай тыюу быйыл 1-октябрдан тарта күчүнө кирет.

Бул тууралуу Guardian Кытайдын Маданият жана туризм министрлигине шилтеме берип кабарлады.

Жобо социалисттик баалуулуктарды сактап, даңазалоо жана идеологиялык коопсуздук үчүн киргизилип жатканы белгиленди. Анда негизинен бийлик Кытайдын эгемендигине шек келтирет деп эсептеген, кумар оюндарын, ырым-жырымдарды колдогон жана ушактар камтылган ырларды ырдоого уруксат берилбейт.

Ырлардын мазмунуна мониторинг жүргүзүү жоопкерчилиги караоке-барлардын ээлерине жүктөлгөн.

Кытайда караоке ырдай турган 50 миңден ашуун оюн-зоок жана көңүл ачуу борборлору бар. Аларда ырлардын каталогу 100 миңден ашат.

2015-жылы Кытай бийлиги Интернетке жарыяланган 120 ырды коомдук жайларда ырдоого тыюу салган. Бийлик мындай ырлар коом жана мамлекет үчүн коркунучтуу деп тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG