Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Орусия: Фургалдын уулун Мамдумага талапкер катары каттоодон баш тартышты


Антон Фургал. Хабаровск крайынын мурдагы губернатору Сергей Фургалдын уулу.
Антон Фургал. Хабаровск крайынын мурдагы губернатору Сергей Фургалдын уулу.

Хабаровск крайынын аймактык шайлоо комиссиясы учурда саясий себептер менен камакта отурган крайдын экс-губернатору Сергей Фургалдын уулу Антонду быйыл күздөгү Мамлекеттик Думага депутаттыкка талапкер катары каттабай койду.

Комиссиянын мүчөлөрү Антон Фургалдын топтогон колдорун туура эмес толтурулган бланктардын айынан жараксыз деп таап, каттоодон баш тартты. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү коюлган колдордун сыясынын түсү бирдей экенин билдирди. Ушул нерсе Фургалды каттоого албоого негиз болгонун белгилешти. Жыйын түз эфирде көрсөтүлдү.

Сергей Фургал өзүнүн талапкерлигин колдоо үчүн 15 миң 789 адамдын колун топтогон.

Буга чейин Боршайкомдун мүчөлөрү Фургалдын талапкерлигин колдоп, кол коюп бергендердин арасынан эки миңден ашуун кишинин каттоосу туура эместигин айтып чыгышкан болчу. Анда талапкерди колдогондор ал шайлоого аттанып жаткан округда жашабай турганы аныкталган деген тыянак чыгарылган.

Хабаровск крайынын экс-губернатору Сергей Фургал 16 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысы боюнча айыптуу деп табылып, камакка алынган. Ал күнөөсүн моюнга албастыгын айтып, муну токулган иш катары баалаган. Сергей Фургал ЛДПР партиясынан Мамлекеттик Думага депутат болуп, андан соң крайдын губернаторлогун шайлоодо президент Владимир Путиндин талапкерин утуп, жеңишке жетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG