Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Прокуратура журналист Канат Каниметовго иш козгогон милициянын аракетин мыйзамсыз деп тааныды


Канат Каниметов.
Канат Каниметов.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы журналист Канат Каниметовго карата сотко чейинки териштирүү жүргүзгөн Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлеринин аракетин мыйзамсыз деп тааныды. Прокуратура милиционерлерге карата прокурордук чара көрүү тууралуу акт чыгарганын 13-августта “Медиа Полиси Институту” уюму билдирди.

Уюм прокуратурага милицонерлердин аракетинин мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылганын, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын 5-августтагы катында “Аламүдүн райондук Ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлерине карата чара көрүү тууралуу акт кабыл алынды” деп жооп бергенин билдирди.

Каниметов боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 23-мартта “Жоруктар жөнүндө” кодекстин 119-беренеси (“Майда ээнбаштык”) менен катталган. Буга журналист 3-февралда Facebook баракчасына блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу бийликти сындап жазганы себеп болгонун Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков билдирген. Сотко чейинки териштирүү 30-мартта башталган, маалыматты милициянын журналына каттоого Каниметовдун жазганы “өлкөнүн коомдук-саясий абалын начарлатышы мүмкүн” деген жүйөө негиз болгону көрсөтүлгөн.

“Медиа Полиси Институту” уюму белгилегендей, прокуратура чыгарган акт сотко чейинки териштирүү токтотула турган нормага негизделген. Анда ошондой эле “арызды териштирүүсүз калтыруу” зарылдыгы жазылган.

14-майда жактоочу Нурбек Сыдыков журналистке карата жүрүп жаткан териштирүү негизсиз экени тууралуу үч пункттан турган билдирүү таратып, адамды бийликти сындаганы үчүн “Майда ээнбаштык” беренеси менен мындай факт болбосо да суракка чакыруу жана сотко чейинки териштирүү жүргүзүү мыйзамсыз экенин белгилеген. Журналист боюнча баштапкы териштирүү жүргүзүп жаткан милициянын кызмат адамына каршы ал Аламүдүн сотуна даттануу арызын жазып, сот аны канааттандырган.

Сыдыков “Милиция бул негизсиз иш менен алек болуп ресурсун бекер коротуп жатканын, сын пикирди интернетке ачык жазуу өлкөнүн коомдук-саясий абалын кандайча начарлатышы мүмкүндүгү түшүнүксүз экенин” белгилеген.

Каниметов өзү 7-майда Facebook баракчасына анын Балыкчыдагы үйүнө милиционерлер издеп барганын жазган жана муну бийликти сындап жазбоо үчүн басым катары баалап жатканын билдирген. Журналист "Апрель" телеканалында иштейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG