Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Талибан Исмаил ханды туткундады


Мухаммад Исмал хан, Герат шаарынан талибдерди сүрүп чыккан учурда тартылган сүрөт.
Мухаммад Исмал хан, Герат шаарынан талибдерди сүрүп чыккан учурда тартылган сүрөт.

Ооганстандын батышындагы Герат шаарын басып алуу учурунда талибдерге каршы күрөшүп келген можахеддердин башчысы, "атактуу жолборс" атыккан абройлуу аскер кол башчысы, кезинде советтик аскерлерге каршы салгылашкан талаа командири Мухаммад Исмал хан туткунга алынды.

Бул маалыматты Reuters агенттиги Гераттын коопсуздук күчтөрүндөгү булагына таянып жазып чыкты.

Өзүнүн жергиликтүү можахеддерден турган армиясы менен таанымал Мухаммад Исмал хан расмий Кабулдун өлкө Батышындагы өнөктөшү болчу. Ал быйыл август айынын башында эле талибдер Герат шаарына кирип келгенде, катуу каршылык көрсөтүп, жоочуларды шаардан сүрүп чыгып, өкмөттүк аскерлерге көмөк көрсөткөн.

Азыр эми Мухаммад Исмал хан Талибандын Гератка экинчи жолку ири чабуулу учурунда провинциянын губернатору жана башка аскер башчылар менен кошо туткундалып, Талибандын колунда турганы кабарланды.

Ал эми Талибан кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид "Твиттерге" Мухаммад Исмал хан туткунга алынбаганын жана өз ыктыяры менен эле аскерлерин алып талибдер тарапка кошулганын жарыялады.

Буга чейин ооган бийлиги 600 миңден ашуун калкы бар өлкөнүн экинчи чоң шаары, провинциянын борбору Кандагар талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн расмий тастыктады. Ошондой эле Кабул Талибан кыймылы Ооганстандын үчүнчү чоң шаары Гератты дагы басып алганын ырастаган. Буга чейин Талибан кыймылы жогорудагы эки чоң шаарды колго алганын билдирген эле.

Эки күндөн берки өкмөттүн аскерлер менен айыгышкан салгылаштын натыйжасында 12-август күнү кечке жуук Ооганстандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарлар Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө өткөрүп алганы кабарланды.

Ага чейин Кабулга жакын Газни шаары Талибан жоочуларынын көзөмөлүнө өткөн. Ошентип, соңку бир апта ичинде талибдер 12 провинциянын борборун ээледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG