Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

Өзбекстанда бала бакчадан 25 бала ууланды


Ташкенттеги балдар бакчасынын биринин ашканасы.
Ташкенттеги балдар бакчасынын биринин ашканасы.

Ташкент облусунун Аккурган районундагы №5 бала бакчасында 25 бала ууланып, ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.

Билим берүү министрлиги окуя 11-августта болгонун белгилеп, кечки тамактануудан кийин уулануунун белгилери менен балдар ооруканага түшкөнүн ырастады.

Ооруканага жаткан балдардын алтоо реанимацияга жаткырылып, бирөөнүн абалы оор болгондуктан жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Ал эми тогуз баланын абалы ортодон жогору деп бааланган.

Балдар жеген тамактын анализдери лабораторияга бактериогиялык изилдөөгө жиберилип, алдын ала жыйынтык боюнча ботулизм деген диагноз коюлду.

Билим берүү министрлиги ооруканага жаткырылган балдардын жыйырма биринин саламаттыгы жакшырганын белгиледи. Министрлик ууланган балдардын бирөө чарчап калганы тууралуу буга чейин тараган кабарды четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG