Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Ооган президенти өлкөдөн чыгып кеткени кабарланууда


Ооганстандын президенти Ашраф Гани.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу кабар тарады. Бул тууралуу алгачкылардан болуп Ооганстандагы эң ири Tolo News телеканалы жазып чыкты. BBC, Reuters сыяктуу эл аралык маалымат каражаттары да Tolo News телеканалына шилтеме кылып, Ганинин Ооганстандан чыгып кеткени кабарланып жатканын билдиришти.

Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла "Фейсбукка" жазган билдирүүсүндө "президент өлкөдөн чыгып кеткенин" белгилеп, анын кадамын сынга алды.

Азырынча бул маалыматты Ооганстандын президентинин кеңсеси расмий ырастай элек. Президенттин сарайынын кызматкерлери коопсуздуктан улам Ашраф Ганинин кайда экени тууралуу маалымат бере албай турганын Reuters агенттигине айтышты. Ооганстандын Ички иштер министрлигиндеги жогорку жетекчилердин бири президент Гани Тажикстанга кетиши мүмкүндүгүн британиялык агенттикке билдирди.

Ушул тапта "Талибан" кыймылы ооган баш калаасы Кабулду курчап турат. Талибдер Кабулга күч менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен кире турганын билдиришкен. Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү талибдер менен бийликти өткөрүп берүү маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөр өтүп жатканын ырасташкан.

АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG