Милиция органдары интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын жазганы боюнча дайыма мониторинг жүргүзүп турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги өткөн ишемби күнү билдирүү таратып, адамдын улутуна, тилине, дилине карата кастык козуткандар аныкталса дароо чара көрүлөрүн эскертти.
Мекеме белгилегендей, мындай аракеттер кылмыш катары бааланат жана Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган.
Өткөн аптада Бишкекте балдар аянтчасынын кызматкери орусча эмес кыргызча сүйлөөсүн талап кылган адам аны чаап жиберген окуя кызуу талкуу жараткан. Окуянын видеосу тарап, интернет колдонуучулары ар кандай комментарийлерин жазышкан.
Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий макамга ээ. (RK)